КЫЗМАТ ОРДУ – бул же тигил мамлекеттик же мамлекеттик эмес уюмдардын кызмат орун тизмегиндеги белгилүү бир тартип боюнча белгиленип, анын ыйгарым укук мазмуну менен көлөмүн, аны кармоого чыгымдалуучу акча өлчөмүн, төмөндөн жогору түзүмүндө жайгашкан ордун көрсөтүүчү баштапкы түзүм бирдиги.
КЫЗМАТ ОРДУ (ЖУМУШ ОРДУ) – 1) кызматчынын (же кызматчылар тобунун) өндүрүштүк иш-милдетин аткаруусуна ыңгайлаштырылган жайдын бир бөлүгү; 2) жумуш берүүчүнүн көзөмөлүндө кыйыр же түздөнтүз туруп, кызматчы келүүгө же ишине байланыштуу болууга зарыл болгон орун.